ТИМ: Түркиядагы зилзаладан жабыркаган кыргызстандыктар жок

Кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам берүү жана кырдаалга мониторинг жасоо боюнча күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тышкы саясат боюнча ведомстводон дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бардык маалыматтарды тактап жатканын айтышты.
Эске салсак, Түркияда магнитудасы 7,4кө жеткен зилзала бүгүн таңда, саат 04.17де болгон. Зилзаланын эпиборбору Газиантептен түштүк-чыгышты карай 26 чакырымда жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген. Бул жаратылыш кырсыгы бир нече адамдын өмүрүн алып, бир тобун жарадар кылып, имараттарды талкалап кеткен.
"Элчилик Стамбул жана Анталья шаарындагы консулдуктар менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн жабыркагандарды тактоо (анын ичинде Кыргызстан жарандарын) иштерин жүргүзүп жатат. Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам берүү жана кырдаалга мониторинг жасоо боюнча күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү", — деп айтылган маалыматта.
Түркияда жашаган кыргызстандыктар зарыл болсо жардам же кеп-кеңеш алууга кайрылуу үчүн түз байланыш телефон номерлери иштеп жатканы кабарланды.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: (Антальядагы башкы консулдук): +90 546 5570471, +90 534 8388551;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: (Стамбулдагы башкы консулдук): +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.
Түркиянын түштүк-чыгышында газ түтүгү жарылды