Түркияда кайрадан жер титиреп магнитудасы 7,8ге жетти

Бүгүн таңда жер силкинип, эпкини коңшу мамлекеттерди да кыйроого кептеди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркияда кайрадан магнитудасы 7,8ге жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкө аймагында бүгүн таңга жуук жер силкинип, акыркы маалыматтар боюнча, 900дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. Дагы 5000дей кишинин жабыркаганы айтылды.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул 1939-жылдан берки каргашалуу зилзала экенин белгилеп, кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирген болчу.
Өлкөдө кооптуулуктун жогорку деңгээли жарыяланган. Жер титирөөнүн эпиборбору Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Ал Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген.
Зилзаланын эпкини коңшу мамлекеттерге да тийүүдө. Сирияда да жер силкинип, акыркы маалымат боюнча, кырсык 326 адамдын өмүрүн алганы айтылган.
Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты