Жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга Кыргызстандан куткаруучулар жөнөтүлөт

Түркияда бүгүн эки ирет жер титиреп, анын кесепетинен каза болгондордун саны 900дөн ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Зилзаладан жабыркаган Түркияга Кыргызстандан куткаруучулар жөнөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактар маалымдап, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары сапарга аттанууга камылга көрүлүп жатканын белгиледи.
Куткаруучулар Түркияда болгон зилзаланын кесепеттерин жоюуга жардамдашуу үчүн барышат. Аталган өлкөгө ӨКМдин "Эдельвейс" атайын куткаруу тобу барары айтылды.
ӨКМден толук маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.
Биринчи жер титирөө бүгүн таңда болуп, акыркы маалымат боюнча, каза болгондордун саны 900дөн ашты.
Түркияда кайрадан жер титиреп магнитудасы 7,8ге жетти