БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Түркия, Сириянын президенттери Режеп Тайип Эрдоган менен Башар Асадга бүгүн таңда болгон адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
Путин Москва жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Мындай мазмундагы телеграмма Кремлдин сайтына жарыяланды.
Эки телеграммада тең кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилегин билдирип, зилзала кесепетин жоюу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Эске салсак, Түркияда магнитудасы 7,4кө жеткен зилзала бүгүн таңда, саат 04.17де болгон. Анын эпиборбору Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Ал Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай 284 адам каза таап, 2,5 миңге чукул киши жабыркагандыгын билдирген.
Ал эми Сирияда 237 киши көз жумган.