Радио

Иманалиев: кыргызстандык күчтүү саяпкерлердин көбү Казакстанга кетет

Саяпкер Чыңгыз Иманалиев Кыргызстанда ат чабыштын потенциалы жогору болгонуна карабастан эл аралык аренада жакшы жыйынтык болбой жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык күчтүү саяпкерлердин көбүн Казакстанга жакшы сунуш менен чакырып кетишет. Ал жакта кыска жана узун аралыкка ат таптап, мелдештерге алып чыгышат. Бул тууралуу Чыңгыз Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жорго таптаган саяпкерлердин арасында Кыргызстан алдыда туруп, үлгү көрсөтө алат.
"Саяпкерлик кыргыздын кан-жанына сиңген, аталардан калган мурас эмеспи. Кыргыз көчмөн болгондуктан турмушун жылкысыз элестетүү кыйын. Биз да ошол жолду улантып, ат таптап, жылкы багып, той-аш, мелдештерде чаап, байгелерди утуп келебиз. Албетте, саяпкерликтин түйшүгү чоң. Ат чабыш акыркы учурларда кайра жанданып, чоң байге сайылып, аны менен бирге ат таптагандардын саны өстү. Бирок көп учурда кыргызстандык күчтүү саяпкерлердин көбүн Казакстанга жакшы сунуш менен чакырып кетишет. Ал жакта жакшы маяна беришет. Эми алар акырындык менен кайра мекенге кайтып жатышат. Биздин потенциалыбыз абдан жогору. Ошондуктан эл аралык мелдештерге көңүл буруп, узун жана кыска аралыкка мыкты аттарды даярдоого аракет кылуу зарыл", — деди Иманалиев.
Ошондой эле адис ат чабыштын өнүгүүсүнө мамлекет колдоо көрсөтсө, кыргыз жигиттери жакшы жыйынтык берерин кошумчалады.