Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучу жөнөттү. Сүрөт

Жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүн, 6-февралда, Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, урандылардын астында калган адамдарды издөө жана куткаруу үчүн Кыргызстандан 63 куткаруучу жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
1 / 3

Бүгүн, 6-февралда, Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, урандылардын астында калган адамдарды издөө жана куткаруу үчүн Кыргызстандан 63 куткаруучу жөнөтүлдү

2 / 3

Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров эл аралык келишимдердин негизинде берди

3 / 3

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш, издөө жана куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын ала кетишет

Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров эл аралык келишимдердин негизинде берди.
Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш, издөө жана куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын ала кетишет. Ошондой эле урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө машыктырылган 2 итти алышат.
Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар гана эмес, дарыгерлер, фельдшерлер, психологдор жана кинологдор бар.
Жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөрү айтылды.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул 1939-жылдан берки алгачкы каргашалуу зилзала экенин белгилеп, кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирген болчу.
Өлкөдө кооптуулуктун жогорку деңгээли жарыяланган. Жер титирөөнүн борбору Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 1498ге, жарадар болгондордун саны 7634кө жетти. Кыргызстан ТИМинин саат 19:00гө берген маалыматына караганда, каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.
Сирияда, акыркы маалыматтар боюнча, кеминде 400 адам каза болгону айтылууда.
Түркияда кайрадан жер титиреп магнитудасы 7,8ге жетти