Кыргызстан кандай агропродукцияларды экспорттой алат. Министрликтин маалыматы

Дан эгиндерин тышка сатууда Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда картошка, жашылча жана жүгөрүнү экспорттоо боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бул туурасында Экономика министрлигинин 2023–2026-жылдарга карата Экспорт боюнча улуттук программасында (азырынча бул документти өкмөт беките элек) айтылган.
Картошка, жашылча жана жүгөрү айдоо аянттарынын (8,4 пайыз, 6,1 жана 11,9 пайыз) өтө көп эмес бөлүгүн ээлей турганы маалымдалган. Анткен менен бул өсүмдүктөр (1 миллион 289 миң тонна, 1 млн. 114 миң жана 691 миң тонна) жакшы түшүм берет.
"Дан өсүмдүктөрү боюнча Кыргызстан Казакстан, Украина жана Россия сыяктуу өлкөлөргө атаандаша албаганы менен алардагы картошка, жашылча жана жүгөрү айдоо аянттарынын көлөмүн карай келгенде Кыргызстандын бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин көрүүгө болот. Бул жерде канча пайдаланыларын эсептеп салыштырсак, картошка — 300, ал эми жашылча 200 пайызга көп өндүрүлөт", — деп айтылган программанын долбоорунда.
Радио
Сочиде өтчү айыл чарба көргөзмөсүнө катталуу 17-февралга чейин уланат