Милициядан качып кырсыктагандар адам уурдап баратканы айтылды

Эки шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте автоунааны айдай качып ээсин сабаган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 31-январында таңкы саат 05:30да белгисиз төрт киши Тоголок Молдо көчөсүнөн Subaru үлгүсүндөгү машинанын ээсин сабап, күч колдонуу менен автоунаанын салонуна салып, алып кетүүгө аракет жасашкан.
"Нөөмөттөгү инспекторлор күмөн санап, машинаны токтотууну талап кылышкан. Бирок айдоочу буйрукка баш ийген эмес. Милиционерлерден качууга аракет кылган айдоочу рулду башкара албай калып Төмөнкү Ала-Арча жактан бакты кулатып, бетон тосмону сүзгөн. Инспекторлор жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматын чакырышкан. Кырсыктын кесепетинен автоунаанын 23 жаштагы Т.Б. аттуу ээси, 28 жаштагы И.А. жана 18 жаштагы У.М. курман болгон. Ал эми машинаны башкарып бараткан 18 жаштагы У.Н. менен 20 жаштагы Н.А. ооруканага жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча ШИИББдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү ("Жол эрежесин бузуу, этиятсыздыктан залака келтирүү"), 162-берене ("Адам уурдоо") жана 211-берене ("Автотранспортту айдай качуу") боюнча иш козголду. Ал эми эки шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.
Жалал-Абадда 3 млн. сомдой опузалады деп кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео