Тыштан машина ташыгандар Бажы кызматынын алдына митингге чыгышты

Нааразы болгондор 2021-жылкы машиналар 2022-жылга илешип калып, бажы алымы өсүп кетип жатканын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ менен Түштүк Кореядан Кыргызстанга машина ташып иштеген 40ка жакын адам Бажы кызматынын алдына митингге чыгышты.
АКШ менен Түштүк Кореядан Кыргызстанга машина ташып иштеген 40ка жакын адам Бажы кызматынын алдына митингге чыгышты
Алар машиналар Кыргызстандын аймагына кирип жатканда алынуучу бажы төлөмдүн суммасы өсүп кеткенин айтып, бул боюнча алдын ала эскертүү да берилбегенине нааразы болушууда.
"Бул жерге илгертеден бери машина ташып иштегендер келдик. Учурда оомат келип, иш жүрүшүп турган кез. Мындайда эл иштеп калса мамлекетке деле пайда болмок. Бирок бажычылар туура эмес иш жасап жатышат. Иш жакшы жүрүшпөй турган кезде булар азыр кылып жаткан нерсени биз көтөргөнбүз. Мисалы, ал кезде машинанын айына эмес, стикерде жазылган жылына карашчу. Эми ишибиз жүрүшкөн кезде стикерге эмес, айына карайбыз деп калышты. Мында 2021-жылкы машиналар 2022-жылга илешип калып, бажы алымы өсүп кетип жатат", — деди митингчилердин бири.
Анын айтымында, бул боюнча алдын ала эскертүү дагы берилген эмес.
"Булар машина менен иштегендердин оюн сурашкан да жок. Бажы алымын дароо эле көтөрүп салышты. Биз деле түшүнөбүз да, азыркыдай кылбай алдын ала айтып коюшса болмок. 20-30дай компания иштеп жатат, ошолорго деле "балдар, даярдангыла" десе болмок да", — деди митингдин катышуучусу.
Ал нааразычылык акциясына катышып жаткандардын бир тобу Бажы кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн кирип кеткенин кошумчалады.
Бишкектеги эки райондо апрелдин башына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды