Геннадий Базаровдун тажиясы качан, кайда өтөрү айтылды

Кыргыз киносунун корифейи 6-февраль күнү таңга маал көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, талантуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-февралда, саат 10.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Эскерте кетсек, кыргыз киносунун корифейи 6-февраль күнү таңга маал көз жумган. Режиссёрдун буга чейин ооруп жүргөнү айтылды.
Базаров кыргыз кино өнөрүндө "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.
СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары