БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, талантуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ал соңку жылдары "Кыргыз телефильм" чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссёру, сценаристи болуп иштеп жаткан.
Базаров кыргыз кино өнөрүндө "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.
СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.