Радио

Майканов: учурда 37 562 баш асыл тукум кой идентификациядан өттү

Ветеринардык кызматтын Малды, малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чаралары 99,5 пайызга аяктаганын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын аймагында 64 асыл тукум кой чарбасы бар. Анын ичинен төртөө мамлекеттик болуп эсептелет. Учурда 37 562 баш кой идентификациядан өттү. Бул тууралуу Манас Майканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малды идентификациялоо токтобой жүрө турган процесс.
"Буга чейин атайын буйруктун негизинде асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо процессинин планы бекитилген. Аларды ишке ашырууга райондук ветеринардык башкармалыктар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. 2022-жылдын экинчи жарымында ЖИКС маалыматтык тутуму колдонулуп, QR коддо маалыматтар жайгаштырылууда. Анда жандык жөнүндө, анын союлганы жана жаныбарлардан алынган азыктардын экспертизасынын жыйынтыктары, азыктардын коопсуздугу боюнча маалымат берилет. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түздөн-түз ЖИКС маалыматтык тутуму менен иштеген жана жеке ветеринардык адистерди окуткан райондук башкармалыктардын инспекторлорун маалыматтык тутумду колдонууда техникалык жардам көрсөтүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлдү. Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюудагы маанилүү элементтердин бири болуп саналат. Бул өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатат", — деди Майканов.
Ал алдыда идентификациядан өтпөгөн малды жана анын азыгын сатуу мүмкүн болбой каларын кошумчалады.