Алдыдагы аптада Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот

Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда келе жаткан аптада күн кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, 5-февралда айрым жерлерге, тоо этектерине жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
6-февралда жаан-чачын болбойт.
7-февралда айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаап, 8-февралда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
9-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, 10-февралда күндүз жана 11-февралда айрым жерлерде кар жаайт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-февралда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши божомолдонууда.
Кар жаайбы? Ысык-Көл боюнча алдыдагы аптага карата аба ырайы