Садыр Жапаров Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүн капыстан барып текшерди. Сүрөт

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашкан. Андан тышкары, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгенин маалымдашты.
Кыргызстанга "Печора" зениттик-ракеталык комплекси алып келинди. Сүрөт