Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Беннет: Путин атайын операция башында эле Зеленскийди "жок кылбайм" деп убада кылган

Путиндин ага тийбей тургандыгын билген соң Зеленский бункерден чыгып офисине келип, ал жерден видеороликке түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россиянын Украинада атайын операциясы башталганда эле Владимир Путин бункерде жашырынган Валадимир Зеленскийди жок кылбай тургандыгын айткан. Бул туурасында РИА Новости Израилдин экс-премьери Нафтали Беннетке таянып жазды.
Беннеттин маеги YouTube-каналга жарыяланды. Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталганда Зеленский андан Путин менен байланышууну суранган. Ал кездеги Израилдин өкмөт башчысынын сөзүнө таянсак, эки тарапка ортомчу болуу миссиясын алган.
"Мен тактап алайынчы, Зеленскийди өлтүрбөйм деп сөз бересизби" деп сурадым. Ал (Путин – ред.) "мен Зеленскийди өлтүрбөйм", – деп жооп берди.
Бенннеттин билдиргенине таянсак, Путин менен кездешкенден соң ошол кезде бункерде жашынып жаткан Зеленскийге чалып, Россия лидери менен болгон сүйлөшүүсүнүн мазмунун маалымдаган. Путиндин ага тийбей тургандыгын билген соң Зеленский бункерден чыгып офисине келип, ал жерден видеороликке түшкөн.
Беннеттин айтымында, Путин алгачкы жолугушууларынын биринде атайын операциянын максаттарынан болгон денацификация жана демилитаризациядан баш тартууга даяр экенин билдирген, ал эми Зеленский өз кезегинде Украинанын НАТОго кирүү идеясынан баш тартуу жөнүндө айткан.
Израилдик саясатчынын пикиринде, андан кийин Батыш "Путин менен кепке келип, макулдашуу эмес, аны талкалоо" чечимин кабыл алган.
Беннет өзүнүн жогорудагы кадамдарын сүйлөшүүлөрдүн токтотулушун жактаган АКШ, Германия жана Франция менен макулдашып жасагандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Путиндин бар экенинен күмөн санады. Кремлдин жообу