Жаздын алды, эрте жаз "баар" деп айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз соңку учурда көп колдонулбай калган.
"Көөнө сөздөрдүн катарында "баар" деген кездешет. Муну угулушунан "бар" же клубдагы бар катары түшүнүп албоо зарыл. Ортосунда созулма "аа" бар экенин эске алуу шарт. Манаста:
"Жаздын алды баарда,
Амал-сүбүр айында,
Жердин бетин ачтырып,
Кочуштап тукум чачтырып,
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн айдатып", — деген саптар кездешет. Бул жерде "баар" деген сөз эрте жаз, жаздын алды дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан март, апрель, май айлары жаз деп айтылып келет. Негизи күн-түн теңелип, "жер жарылып көк, желин жарылып сүт чыккан" мезгилди "баар" деп койсо болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсүн кийинки муунга жеткирип берүү ар бир кыргыздын милдети экенин кошумчалады.