Билими:
2004-жылы Жалал-Абад шаарындагы №18 мектепке кирген. Күрөш менен 5-класстан тарта машыга баштаган. 7-классты аяктаганда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайга тапшырган. 2015-жылы аталган окуу жайды аяктап, бир жылдан кийин Дене тарбия жана спорт академиясына машыктыруучу адистигине тапшырган. Грек-рим күрөшү боюнча чебер.
Жетишкендиктери:
2017 — Кыргызстандын чемпионатында 66 килограмм салмакта күрөшүп, 2-орунду ээлеген.
2018 — Азия оюндарынан коло байге уткан.
2021 — Азия чемпионатынын коло байге ээси.
2022 — Дүйнө чемпионатында коло медаль алган.
Үй-бүлөсү:
Төрт бир тууган. Агасы Артур, инилери Марлен жана Эрлан.
Амантур 11-класста окуган кезинде атасы Туратбек каза болуп калган.
Апасы Мээрим учурда Жалал-Абад шаарында жашайт, суу адистиги боюнча эмгектенет.
Башка маалыматтар:
Алгачкы машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкулов. Учурда Дастан Мухтаров машыктырат. 2018-жылдан тартып 67 килограмм салмакта күрөшүп келет.