Радио

Касымбеков: жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзам өзгөртүүгө муктаж

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков жеке маалыматтарды коргоо боюнча абал курч экендигин айтты.
Sputnik
2008-жылы кабыл алынган "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Бул тууралуу Алмамбет Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөдө адамдын жеке маалыматтарын коргоо боюнча көзөмөл толук кандуу жүргөн эмес.
"Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги президенттин жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 14-сентябрында түзүлгөн. Бирок агенттик өткөн жылдын март айынан тарта кызматкерлерди алып, бул жаатта иштерди аткарып келет. 2008-жылы "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Анда жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда инсандын эркиндиги менен укугун жана ошол маалыматты коргоо каралган. Тилекке каршы, өлкөдө бул боюнча абал жакшы болбогондугуна байланыштуу азыркы абалды эске алуу менен аталган мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу зарылчылыгы жаралып отурат. Албетте, текшерүүлөр болгон, бирок ал иш толук кандуу ишке ашпай, мыйзам бузуулар катталып келген", — деди Касымбеков.
Ошондой эле адис жарандардын жеке маалыматтарды коргоо жаатында маалымдуулугун жогорулатуу максатында атайын борбор ачылып, окутуулар өтүп жаткандыгын кошумчалады.