УКМК: “Коррупцияга каршы элдик кыймылдын” башчысы пара алып жатып кармалды

Атайын кызмат кармалган жарандын бир нече мыйзамсыз иштерин тизмектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. УКМК "Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин К.А.С. аттуу директорун ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармаганын маалымдады.
Комитеттен билдиргендей, 62 жаштагы К.А.С. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кармалган.
“Ал Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысынан текшерүүнү токтотуу үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Буга чейин аталган коомдук бирикменин макамынан пайдаланып, укук коргоо органдарында тааныштары бар экендигин айтып мамлекеттик мекемелерден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тарткандарды текшертем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсеп палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн. Мындан тышкары, подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10 пайызын сураган. Анын сунушунан баш тарткан уюмдарды текшертем деп коркуткан. Шектүүнүн бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан", — деп айтылат маалыматта.
К.А.С. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
52 млн. сом зыян келтирилген. УКМК салык кызматкерин кармады