Талас: 11-февралга чейинки аба ырайы

5-февраль күнү айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Келе жаткан жумада Талас облусундагы аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Синоптиктердин айтымында, 5-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 6-февралда күн ачык болот.
7-8-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт.
9-10-11-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-февралда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Талас: вице-мэр менен шаардык кеңештин кызматкерлери үй камагына чыгарылды