Айыл чарба министрлиги: сугат суу кымбаттабайт

Дыйкандарга суу 5 тыйындан 50-70 тыйынга чейин берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өлкөдө сугат сууга болгон тариф көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Суу ресурстары кызматы дыйкандарга сууну 5 тыйындан 50-70 тыйынга чейин берүүнү пландаштырууда. Мындай тариф Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан бекитилген.
Соңку күндөрү өлкөдө бир катар кызматтар үчүн тарифтерди көтөрүү пландалып жаткан. Кечээ, 3-февралда, Бишкекте таза суунун жана канализациянын колдонулушуна болгон тарифти көтөрүү каралып жаткандыгы маалымдалган.
Ага чейин Бишкек шаарынын мэри таштандыга тарифти көтөрүү зарылдыгын айткан.
Радио
Сокеев: өлкөнүн суу ресурсун жөнгө салуу үчүн реформа керек