Ош филармониясынын директорлук кызматына сынак жарыяланды

Жетекчиликке талапкерлердин документтери 13-февралга чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Бул кызматка төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
"Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими;
гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;
жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы;
маданият жана искусство чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Бардык документтер Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 13-февралына чейин тапшырылууга тийиш.
Кошумча маалымат алуу үчүн +996 312 662683 номери аркылуу байланышууга болот.
Төлөмүш Океевдин даңазасын арттырган операторлор. Киночулардын таберик сүрөтү