БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Пекин аэростат окуясынан улам негизсиз шектенүүгө жол берип дүрбөлөңгө түшпөйт. Бул тууралуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Борбордук тышкы иштер комиссиясынын аппарат директору Ван И АКШнын катчысы Энтони Блинкен менен болгон сүйлөшүүсүндө билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кытай жоопкерчилик деген эмне экенин жакшы түшүнгөн өлкө. Ар дайым эл аралык укукту бекем карманып келебиз. Пекин негизсиз шектенүүгө жол берип дүрбөлөңгө түшпөйт", — деди Ван И.
Кытай ТИМинин айтымында, тараптар "күтүүсүз пайда болгон маселелерди сабырдуулук жана кесипкөйлүк менен чечип, байланышты сактап калууга болорун" талкуулашкан.
Ван И Вашингтон менен Пекиндин "оюн топтоп" жана "туура эмес баа берүүдөн" кармануу менен өз ара аракеттенүүнү улантуусун жактады.
Бейшембиде Пентагондун өкүлү АКШ аймагында чалгындоочу шар байкалганын билдирген. Аскер күчтөрү ал Кытайга таандык экенин айтышты. Аэростат Алеут аралдарынан Канаданын аймагы аркылуу келген. Анын кыймылына Түндүк Американын Аэрокосмостук коргонуу командачылыгы көз салып турат.
АКШ администрациясы суверендүү аба мейкиндигинде чет элдик чалгындоо аппаратынын учуусуна жол берилбей турганын жарыялады. Ошондой эле мамлекеттик департаменттин башчысы Энтони Блинкен Пекинге боло турган сапарын токтотуп, окуя жөнгө салынмайынча качан барарын айтуу эрте экенин ачыктады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мао Нин "шпион-аэростат" темасында спекуляция кылбоого чакырды. Ал аба шары катуу шамалдан улам өз жолунан чыгып кеткенин айтып, Кытай анын АКШнын үстүнөн учканына өкүнөрүн билдирген. Пекин америкалык саясатчыларды жана маалымат каражаттарын бул окуяны Кытайга кол салуу жана дискредитациялоо аракети деп айыптады.