Кыргызстанда университеттердин финансылык автономиясынын модели иштелип чыгат

Долбоор Кыргызстан ЖОЖдорунун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгынын келечегин изилдейт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрдин кеңешчиси Алмаз Ибраев "Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү" долбоорунун консорциумунун жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
"Долбоор Кыргызстан ЖОЖдорунун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгынын келечегин изилдеп, модели иштелип чыгып, кийин юридикалык жактан бекитүү үчүн ЖОЖдордун финансылык ыйгарым укуктары такталат" , — деп айтылат маалыматта.
Модель Флоренция университетинин жана Магдебургдагы Отто фон Герике университетинин финансылык менеджмент тажрыйбасынын негизинде даярдалат деп күтүлүүдө.
Долбоордун консорциумуна Кыргызстандын 12 жогорку окуу жайы, Германиянын, Италиянын эки эл аралык билим берүү мекемеси жана италиялык коомдук уюм кирет. Жолугушууда университеттердин өкүлдөрү финансылык автономиянын актуалдуулугун белгилешкен.
Радио
Кыргызстанда өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун консорциуму түзүлөт