2022-жылы ийгиликке жеткен спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырылды. Сүрөт

Акылбек Жапаров спортчулар 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында өлкө ишенимин актай турганына үмүт артты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы ийгиликке жетишкен спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы ийгиликке жетишкен спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 6

Ал былтыр кыргызстандыктар эл аралык аренада кыйла бийиктиктерди багынтканына көңүл бурган

3 / 6

"2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтер менен жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм

4 / 6

Мамлекет спорт тармагын колдоп, каржылоо үчүн болгон аракетин көрдү

5 / 6

Спортчуларыбыздын эрки менен кайраты алдыга умтулууга чоң стимул берди", — деди Жапаров.

6 / 6

Өкмөт башчы балбандардын Белградда (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатындагы ийгилигине токтолуп, Жоламан Шаршенбековдун жылдын мыкты спортчусу аталганын белгиледи

Ал былтыр кыргызстандыктар эл аралык аренада кыйла бийиктиктерди багынтканына көңүл бурган.

"2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтер менен жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоп, каржылоо үчүн болгон аракетин көрдү. Спортчуларыбыздын эрки менен кайраты алдыга умтулууга чоң стимул берди", — деди Жапаров.

Өкмөт башчы балбандардын Белградда (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатындагы ийгилигине токтолуп, Жоламан Шаршенбековдун жылдын мыкты спортчусу аталганын белгиледи.
"Спорт тармагындагы жеңиштер өлкөбүздүн акырындык менен өнүгүп бара жатканынын далили. Бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүтүбүздү актаарыңарга бекем ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
Боксчу Бетербиев атактуу Бивол менен беттешкиси келгенин билдирди