Бишкекте 6-февралдан тарта карызы бар 7000 абоненттин электр кубаты өчүрүлөт

Энергетиктер аяздуу суук учурунда төлөмү топтолуп калгандардын үйүндө да электр энергия чектелбегендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Борбор калаада 6-февралдан тарта (дүйшөмбү) карызы бар 7000 абоненттин үй-жайындагы электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан кабарлады.
Анда энергетиктер аяздуу суук учурунда төлөмү чогулуп калгандардын үйүндө да электр энергия чектелбегендиги белгиленген. Жыйынтыгында карыз топтолгон, ал эми акчанын элден чогултулушу жабдууларга жана техникалык тейлөөгө өзүнүн таасирин тийгизет.
Өчүрүү иштери 6-февралдан тарта "акылдуу" эсептегичтер аркылуу жасалмакчы. Бул электр кубатын жага берип, бирок төлөбөй жүргөндөргө тиешелүү. Ишкана элди ыңгайсыздыкка кептелип калбаш үчүн мындан ары пайдаланган электр энергиясы үчүн чыгып келген акчадан учурунда кутулуп турууну эскертти.
Компания сайтында "Абоненттин балансы" ("Баланс абонента") деген бөлүм бар экендигин, ал жердеги эсептен каалаган учурда канча каражат чыкканын текшерип алууга болорун эске салды.
Андан сырткары күнү-түнү иштеген телефон чалуу борборундагы 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09 номерлерден сурап же (0556) 00-12-09) WhatsApp номерине жазып билсе болорун да белгилешти.
Мэрия: Бишкектин көчөлөрүнө электр жарыгы маал-маалы менен берилет