5-февралга карата аба ырайы

5-февралга караган түнү Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Талас менен Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, ал эми Нарында -2...-7 градус болот.
Бишкек менен Ошто күндүз жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6...+8, Ошто +9...+11 градуска көтөрүлөт.
Айыл чарба министрлиги: сугат суу кымбаттабайт