Жапаров: навигациялык пломбалар боюнча долбоор дагы деле ишке аша элек

Жапаровдун айтымында, навигациялык пломбаларды колдонуу өз ара соодада товарлардын эсепке алынбай калышын алдын алат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор үч айдан ашуун убакыттан кийин дагы ишке киргизилген эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы экономикалык мейкиндикте "төрт эркиндикти" камсыз кылуу боюнча биргелешкен түйшүктүү иш тышкы таасирлерге карабастан соода-экономикалык кызматташтыкты кыйла жогорулатууга мүмкүндүк бергенин белгиледи.
"Буга чейин Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ортосунда өз ара соодада электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүүнү чечкенбиз. Бирок үч айдан ашык убакыт өтсө дагы пилоттук долбоор ишке ашкан жок. Мен навигациялык пломбаларды колдонуу өз ара соодада товарлардын эсепке алынбай калуу тобокелдиктерин жок кылат деп ишенем", — деди ал.
Жапаров долбоор иштей башташы үчүн бул багытта активдүү иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.
Радио
Самыкбаев: навигациялык пломбалар жүк ташууну жөнөкөйлөтөт