БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Туткунга түшкөн украиналык Вячеслав Симбирский РИА Новостинин журналисти менен сүйлөшүп жатып ДЭРдеги Волновахада былтыр мартта 9 жай жаранды өлтүргөнүн мойнуна алган. Муну аталган агенттик жазды.
Жети кишини, алардын ичинен үч аялдын өмүрүн гранатомет менен алган, тагыраагы, эл жашаган үйдү жетекчисинин буйругу менен аткан.
Симбирский марттын башында Волноваха районундагы Новопетриковка поселогунда украиналык аскерлер Россиялык колонна менен бетме-бет келип калып, кармашта алар тараптын күчтөрү талкаланып, чегинүүгө аргасыз болгон.
"Жөө аскерлердин далдоо жерде калган эки техникасы үйлөрдү атып жатканын көрдүм. Биз качкыча эки жай жаран көчөгө, биз тарапка чыга калышты. Мен коркуп кетип аткылап жибердим, эркектер болчу. Эмнеге алардын эшикке чуркап чыкканын билбейм", — деп айтып берген Симбирский.
Аскердик бөлүк чегингенден кийин аталган аймактан орун алып, взвод байкоочу жер катары пайдаланылган борбордогу үйгө жайгашкан. Ал "Мастиф" деп аташкан капитандын (Украинанын аскердик күчтөрүнүн капитаны – ред.) буйругу менен поселоктогу мобилизация кылынгандардын эсебинен бөлүктүн күчүн бекемдей баштаган.
"Бизди ("Мастиф" – ред.) жөнөттү. Мен, Валик – контракт менен жүргөн аскер жана ошол жердин чет жакасынан мобилизация болгон төртөө. Турак жайлар турган тилкенин аягындагы бир үйдү ээлөө зарыл экенин айтты. "Ал жакта эч ким жашабайт, жай жарандар болбошу керек, эгерде чыгып калса тобокелдиккке салбагыла" деген. Айтылган жакка жакындаганда кишилер жүргөнүн байкадык... Мобилизациялангандар рация менен командирге чыгууну суранышты. Жыйынтыгында үйдү РПГ-7 менен эки ирет атуу чечими чыкты", — деп айтып берген аскердик туткун.
Симбирскийдин маалыматына караганда, РПГ менен үйдү эки ирет атышкан. Ал жердеги ашкана бөлмөнү караганда жети өлүктү табышкан.
"Кийимдерине караганда жай жарандар экенин көрүүгө болот эле. Балдар жок болчу, баары чоң кишилер — үч аял, төрт эркек киши экен", — деген туткун.
Симбирский кеп болуп жаткан үйдө алардын аскерлери эки сутка тургандыгын, андан соң поселоктун борборундагы үйгө кайтып келишкенин кошумчалаган. Командачылыгы бул кылмыш тууралуу кабарга эч кандай реакция кылган эмес.
"Жетекчиликке айттык, бирок алар буга башка көңүл бурган жок", — деп сөзүн жыйынтыктаган украиналык туткун.
Симбирский өзү Кривой Рогдон экендигин, контракт менен кызмат өтөгөндүгүн, ал эми октябрдын аягында Угледардын жанындагы Водное поселогунда туткунга түшкөнүн айтып берди. РИА Новостиге буга чейин Волноваха районундагы согуш учурунда анын аскердик бөлүгүнө аскер медиги амфетамин баңгизатын таратып бергенин айткан.