Министрлик: цефтриаксондон анафилактикалык шок болгондор арбып, бирөө көз жумду

Министрлик дарыга жагымсыз реакциянын бешөө үй шартында колдонгондо болгондугун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери цефтриаксон препаратынан болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, анын кесепетинен бир адам көз жумган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Окуяларды иликтей келгенде дарылардын ар кыл өлкөлөрдөн — Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россиядан өндүрүлгөнү анык болгон.
Министрлик дарыга жагымсыз реакциянын бешөө үй шартында колдонгондо болгондугун билдирди. Бейтаптарга препаратты чакыртылган медайымдар, кошуналар кандын эч кандай анализи алынбай, медкызматкерлердин кароосу жок жасаганы анык болду. Адистер анафилактикалык шок болгон учурлардын арбышына антибактериалдык препараттардын көзөмөлсүз, туура эмес пайдалануу себепкер болуп жаткандыгын белгилешкен.
"Анафилактикалык шоктун тез тарашын, дарылардын таасирин, аллергиянын бар-жогун аныктоону тоготпоо фактыларын эске алганда, дарыларды саюу дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын процедуралык кабинеттеринде гана жасалышы керек. Өз алдыңарча дарыланбагыла!" , — деген эскертүү таратты министрлик.
Үйүнөн дарыланып жаткан бейтаптарга ийне саюу эмес, антибиотиктердин таблеткаларын ичүү сунушталды. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен препараттардын кыйыр таасири жаралса, аларга токтоосуз кабарлоону айтышты.
Өзбекстандагы дарыдан каза болгон балдардын саны 18ге жетип, кылмыш иши козголду