Талас: вице-мэр менен шаардык кеңештин кызматкерлери үй камагына чыгарылды

Буга чейин УКМК аларды мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирген деп кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган Талас шаарынын вице-мэри менен Талас шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 5 миллион сом кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалгандыгы маалымдалган. УКМК алар Талас шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөнүн, 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирүүгө айыпталып жатканын билдирген.
"Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн моюндарына алып, мамлекетке 5 миллион сом которушту. Келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилген", — деп айтылат маалыматта.
Талас шаардык соту айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Кылмыш ишинин алкагында ага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүгө багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК: Аксыда акушер-гинеколог опузалап акча алып жатканда кармалды. Видео