ИИМ: шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияланат

Коллегиянын жыйынтыгы менен 100 жетекчиге ар кандай тартип жазалары берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жакынкы аралыкта республика аймагындагы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустук жана шаардык башкармалыктардын бөлүм башчылары ротацияга алынат. Бул тууралуу коллегия учурунда маалым болгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мындай чечим облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын сунушу менен ишке ашканы жатат.
Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кетирген кемчиликтери үчүн отурумга катышкан 100 жетекчиге ар кандай тартип жазалары берилди.
Полковниктер. 4 облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды