Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаңы куралдар. РФ министрлиги Т-90М "Прорыв" танкаларынын кубатын көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Т-90М "Прорыв" танкаларынын жаңы түрлөрүнүн полигондогу жүргөн, ок чыгарып жаткан учурларын жарыялап, анын кубаттуулугун көрсөттү.
Видеону РИА Новостинин Telegram-каналы жарыялады.
Видеого согуштук машиналардын тобу Ленинград облусундагы полигондо катарлаша баратып, "душман" тарапты көздөй 125 миллиметрлик пушка менен атканы тартылган. Техниканы башкарып, ок чыгарып бара жаткандар Батыш аскер округунун танкалык бөлүгүнүн аскерлери экени айтылды.
Ведомстводон жоокерлердин беш чакырымга чейинки бутаны мээлеп, атканын белгилешти.
Т-90М "Прорыв" — россиялык Т-90 танкасынын негизинде жаңыланган акыркы үлгүсү. Анын коргонуусу мурдагысынан да ишенимдүү болуп, согуштук мүмкүнчүлүктөрү жакшырган.
"Уралвагонзавод" РФ Коргоо министрлигине кубаттуу танкаларды берди. Видео