Бишкектеги бир топ кафе той-топур, куран окутуу өткөрүүдөн баш тартты

Аталган кафе менен ресторандар ысырапка жол берген иш-чараларды өткөрбөй турган болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунун администрациясы менен аталган райондогу ири кафе-ресторандардын өкүлдөрү "өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга" келишкенин мэрия билдирди.
Акимчилик "Жибек Жолу", "Фаризат", "Мансур" кафелери, "Гранат" чайканасы, "Ават" банкет залы жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушкан.
Макулдашууга ылайык, аталган жайлар ысырапка жол берчү масштабдуу той-топур, аш, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды пландаган тургундарга кызмат көрсөтпөйт.
"Сүйлөшүү учурунда кафе-ресторан ээлери президенттин "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана эскерүү зыйнаттарын жөнгө салуу боюнча чаралар тууралуу" жарлыгын ишке ашыруу максатындагы акимчиликтин аракетин толугу менен колдоп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Мындай жолугушуу Ленин районунда да өткөрүлгөн. Райондун акими Русланбек Тагаев президенттин жарлыгын эске салганы айтылды. Ишкерлер мечит өкүлдөрүн да чакырып, алардын диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүнүн жана орозо учурунда ооз ачуу тартибин түшүндүрүп берүүсүн өтүнүшкөн.
Тойго 250дөн көп конок келбесин, тажияда мал союлбасын. Мэрия жобо иштеп чыкты