Радио

Алапаева: жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу дагы жеңилдеди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева аталган министрлик учурда калктын аялуу катмарына жөлөк пулдун 10дон ашык түрүн берерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда жөлөк пул алуудагы негизги көйгөй көп сандаган документтерди чогултуу болуп келген. Эми жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу дагы жеңилдеп, кээ бир маалым каттар автоматташтырылды. Бул тууралуу Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Санарип аймак" маалыматтык тутуму менен 19 маалым кат автоматташтырылган.
"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутумдары менен социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумунун ортосунда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну баштады. Маалымат алмашуу автоматташтырылып, жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу бир аз жеңилдеди. Бул сервис министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым катты ыкчам алууга шарт түздү. Жашаган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым каттар мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилип келген. Учурда муниципалдык кызматтардын базалык реестринен берүү функциялары алып салынган. Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан калктын аялуу катмарына жөлөк пулдун 10дон ашык түрү берилет", — деди Алапаева.
Ал "Санарип аймак" автоматташтырылган системасына кирбей калган жарандар жергиликтүү бийликке кайрылып, катталуусу зарыл экенин кошумчалады.