Екатеринбургда айлыгын ала албай калган мигранттарга акчасы кайтарылды

Башкы консулдуктун жардамы менен мигранттардын үч миллион рублден ашык каражаты кайтарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу айлыгын ала албай жүргөн кыргызстандыктарга жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Башкы консулдуктун жардамы менен мигранттардын 3 269 700 рублдик айлыгы төлөнүп берилди.
Бул багыт боюнча иштер улана турганы кошумчаланды.
Чет өлкөнүн абагындагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу аракети жүрүүдө