Кыргызстан ЕАЭБдеги айыл чарба техникасынын өндүрүшүнө кошулат

Кеп трактор сыяктуу техника менен жер семирткич тууралуу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында кайсы өнөр жай долбоорлоруна катыша турганын Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина Sputnik маалымат борборунда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди.
"Казакстандын агроинновациялык корпорациясынын айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча өндүрүшүн кеңейтүү пландалып жатат. Мындан тышкары, аталган долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан, Россия жана Беларустун тартылары күтүлүүдө. Мында "Кировец" тракторунун жана жер семирткич чыгарган костанайлык компаниянын өндүрүшү кеңейтилет", — деди Малкина.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издей турган порталдардын тизмеси