БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Чет мамлекеттин абактарында Кыргызстандын 1 285 жараны кармалып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, түрмөдө жазасын өтөп жаткандардын 1205и эркек болсо, 91и аял. Алардын көпчүлүгү, тагыраагы, 1077и Россияда.
"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын январь айында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине катышып жатат. Анын негизги максаты РФтин абактарындагы жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу. Жумушчу топтун биринчи жыйынында түрмөдөгүлөрдү Кыргызстанга которуудагы көйгөйлөргө анализ жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Кыргызстандын элчилиги менен Башкы консулдугу Россиянын абактарында жаткан ар бир жаранга Кыргызстанга которуу боюнча процедуранын жол-жобосун түшүндүргөн кат жолдоп жатат.