Шаардык кеңеш борбор калаанын райондорунун аталышын өзгөртүү боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө жиберген. Бул тууралуу Токтосун Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, токтомдо райондорго тарыхый улуу инсандардын атын берүү сунушталган болчу.
"Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү боюнча шаардык кеңеш да токтом кабыл алган эле. Бирок ал өкмөткө жиберилген боюнча ишке ашкан эмес. Жакында эле курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы да аталган маселени көтөрдү. Жеке пикиримде, кыргыздын тарыхындагы улуу инсандардын ысымын райондорго берсек туура эле болот. Албетте, эл арасында ар кандай ойлор айтылууда. Ошол эле учурда райондорду адам аттары менен атабоо керектигин айтып жүргөндөр да бар. Эми мунун баарын атайын комиссия чечсе керек", — деди Султанов.
Депутат борбор калаанын райондорунун аталышын өзгөртүү боюнча конкреттүү дата же иш планы ушул тапта жоктугун кошумчалады.