БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы бюджетине биринчи жолу 4 миллиард сом которду, бул сумма алганга караганда көп. Бул тууралуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал өткөн жылы интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттердин ички дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылга карата көрсөткүчтүн 99 пайызынын чегинде сакталганын айтты.
Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7 пайызды түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,4 пайызга өстү.
"Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын Биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,2 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,2 пайызга өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 1,9 эсеге, импорттук түшүүлөр 1,2 эсеге өстү. Салыктык жана бажылык башкарууга жаңы ыкмалардын, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуунун аркасында салыктан түшкөн каражатты 51 пайызга жана бажы төлөмдөрүн 58,2 пайызга көбөйттүк", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле мамлекеттик бюджеттин жалпы салыктык кирешелери 50 пайыздан ашык көбөйгөнүн кошумчалады.