БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Аксы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу опузалап талап кылган акчасын алып жатканда кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат кызматы таратты.
Аталган ведомство акушер-дарыгер төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү боюнча айтып, бул боюнча Д.С.М. аттуу жарандан арыз түшкөнүн маалымдаган.
"УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу, 40 жаштагы М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу ага мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылы 2-февралда М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды", — деп билдиришти алар.
Бул фактыдан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") менен иш козголгон.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну эскертти.