БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс Киевге тынчтык келишимине айырбаштап Украина аймагынын 20 пайызга жакынын Россияга берүүнү сунуштаган. Бул тууралуу Neue Zürcher Zeitungсо басылмасы аты аталбаган жогорку кызматтагы адамдарга шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады.
Маалыматта АКШ президенти Жо Байден январдын орто ченинде ЦРУнун жетекчисине аталган сунуш менен Москвага да, Киевге да кайрылууну тапшырганы айтылат. Эки тарап тең бул сунушту четке каккан. Демилге ишке ашпай калганда гана Байден Украинага Abrams танкаларын жөнөтүү чечимин кабыл алганы белгиленди.
Ал арада АКШнын Newsweek басылмасы Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Шон Дэвиттин "NZZ басылмасына чыккан макала чындыкка дал келбейт" деген билдирүүсүн жарыялады.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин "анын максаты — сегиз жылдан бери Киев режиминин кыргынына, мазагына кабылып келген элди коргоо" деген. Өлкө башчынын айтымында, операциянын башкы максаты — Донбассты бошотуп, Россиянын коопсуздугун кепилдеген шарттарды түзүү. Ага чейин Путин Батыш Украинада Россияны кыйратуу үчүн антироссиялык анклав түзүүгө аракет кылганын, атайын операция дал ушул максатты алдын алуу үчүн башталганын билдирген.