4-февралга карата аба ырайы

4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +2...+7, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +2...+7, ал эми Нарында -1...-6 градус суук болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +4...+6 жана Ош шаарында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Алдыңкы он жылда климат кандай өзгөрөт? Адистин жообу