Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Батыштын берчү акчасы тартыштыкты жаппай турганын жар салды

Зыкованын айтымында, Евробиримдик жана АКШ Украинага 30 миллиард доллар бөлө тургандыгын тастыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Украинанын башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан бөлүнө турган дагы 10 миллиард долларга муктаждыгы жабылбай турат. Бул туурасында РИА Новости алардын финансы министринин орун басары Ольга Зыкованын айтканына таянып жазды.
Украиналык "Экономическая правда" басылмасы аткаминерге шилтеме кылып, 2023-жылы "бюджеттеги тартыштыкты азайткан чараларга карабай" эл аралык финансылоого болгон муктаждык айына үч миллиард долларга чукул акчаны түзүп жаткандыгын жазган.
Зыкованын айтымында, Украина өкмөтү Евробиримдиктен жана АКШдан 30 миллиард доллар бөлүнө турганы боюнча тастыктама алган.
"Дагы 10 миллиард долларга муктаждык бар. Андыктан башка мамлекеттер менен эл аралык финансы уюмдарынын, анын ичинде Эл аралык валюта фондунун жардамына үмүт артып турабыз", — деген Зыкова.
Буга чейин Украинанын Жогорку Радасынын бюджет маселеси боюнча комитетинин башчысы Роксолана Подласа билдирүү жасаган. Анда өкмөт мартта өтө турган финансылык "Рамштайн" отурумунун алкагында өлкө бюджетинин дефицитин жабуу үчүн өнөктөштөр менен алардан 10 миллиард доллар алуу боюнча макулдашуу күтүлүп жатканы айтылган.
Украинанын Улуттук банкынын башчысы Андрей Пышный быйыл эл аралык өнөктөштөр менен Эл аралык финансы фондунун 38 миллиарддан жогорку жардамы мамлекеттик бюджеттин дефицитин жабарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Экономист: Байден менен Зеленский ири чыгым тартканын моюндагылары келбейт