Радио

Стоматолог: тишке да массаж жасап туруу зарыл

Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов тиштерге да массаж жасап туруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Наристелердин тишинин саны аз болгону менен алардын оорусуна диагноз коюу татаал. Өзгөчө, тиштери толук түптөлө электе, сүт тиштин астынан кадимки тиши чыгып келе жаткан учурда ооруга чалдыкса аны дарылоо машакаттуу иш. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдардын сүт тиштерин курт түшкөнгө жеткирбей олуттуу көңүл буруп дарылатпаса, кийинки өсүп чыга турган тиштерине зыяны тиет.
"Тиштерге да массаж жасап туруу керек. Өзгөчө, жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда бул маанилүү. Массажды колду таза жууп, сөөмөй, баш бармак менен тиштин бүйлөлөрүн сүрүп жасоо керек. Бул наристенин тишинин түз чыгышына көмөктөшүп, тиши жарылып, кычышып жаткан убакта жардам берет. Чоң кишилер да өз тиштерине массаж жасаса ашыкча болбойт. Жөн эле кол менен эмес, фурацилин майын (мазь) же вазелинге фурацилин таблеткасын ундай майдалап кошуп жасаш керек. Бул чоңдорго өзгөчө тиш жууганда канаган процессти токтотконго жардам берет. Жаш балдарга деле бул каражаттарды колдонсо болот. Болгону көлөмү азыраак болушу керек, анткени алар жутуп алышы мүмкүн", — деди Каримов.
Стоматолог ар алты айда жаш балдардын тиштерин дарыгерге көрсөтүп туруу керектигин кошумчалады.