Ташкент Бишкекке Сохтогу газ кампасын биргелешип пайдаланууну сунуштады

Кампанын негизги бөлүгү Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан эки мамлекет сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ташкент Бишкекке Өзбекстандын Сох анклавындагы жер астында жайгашкан "Түндүк Сох" газ кампасын биргелешип пайдаланууну сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Коңшу өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудовдун айтымында, анын негизги бөлүгү Кыргызстандын, ал эми компрессорлор Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Буга байланыштуу эки мамлекет газ кампасын биргелешип пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эгер объект ишке кирсе Фергана өрөөнүн күнүнө 13 миллион куб метр газ менен камсыздайт.
"Жумушчу топ биринчи кезекте бардык техникалык жана экономикалык аспектилерди изилдеп чыгат. Себеби кампа көптөгөн жылдар бою колдонулган эмес. Биз анын учурдагы абалын тыкыр изилдешибиз керек. Андан кийин шарт-талапты макулдашабыз. Балким ижарага алуу укугунун негизинде болор. Бир нерсе деп айтууга азырынча эрте", — деди Мирзамахмудов.
"Түндүк Сох" газ кампасы Фергана облусунун Риштан району (Өзбекстан) менен Баткен облусунун Кадамжай районунун (Кыргызстан) ортосунда жайгашкан. Буга чейин бул жер талаштуу болуп келген. Бирок мамлекеттик чек ара делимитация жана демаркация болгондон кийин газ кампасын биргелешип пайдалануу маселеси кыйла жеңилдеди.
Радио
Өлкөдөгү бир катар ири долбоорлорго Өзбекстандын катышуусу күтүлүүдө