Путин: Россияга кайрадан Германиянын Leopard танкалары менен сес көрсөтүшүүдө

Путиндин айтымында, Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Германияны Россия менен согушууга түрткөндөр азыркы РФке каршы согуш таптакыр башкача болорун түшүнбөй жаткандай.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россияга кайрадан Германиянын Leopard танкалары менен сес көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу президент Владимир Путин Сталинград салгылашында Кызыл Армиянын фашисттик аскерлерди талкалаганынын 80 жылдыгына арналган концертте айтты.
"Улутчулдуктун идеологиясы өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратууда, кайрадан Батыштын агрессиясына жооп кылууга аргасыз болуп жатабыз. Кызыгы бизге бортунда крест түшүрүлгөн Германиянын Leopard танкалары менен сес көрсөтүп, Украинанын жеринде Россия менен салгылашкылары келип жатат", — деди Путин.
Ал пропагандалык аракеттерге карабастан Россия дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Америка континентинде жана Европада көптөгөн мамлекеттер менен достук мамиледе экенин белгиледи.
Путиндин айтымында, Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Германияны Россия менен согушууга түрткөндөр азыркы РФке каршы согуш таптакыр башкача болорун түшүнбөй жаткандай.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШдан Украинадагы чатак эмнеге зарыл болгонун айтышты