Назарбаевдин иниси мамлекеттик менчикке 300 миң гектар жерди кайтарды

Болат Назарбаев — Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мангистау облусунда Болат Назарбаевге таандык 239 миң гектар, Жамбыл облусундагы 60 миң гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу "Amanat" партиясынын алдындагы Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча республикалык коомдук кеңештин төрагасы Ерлан Сабиров айтканын Sputnik Казакстан жазды.
Болат Назарбаев — Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси. Эскерте кетсек, "Amanat" партиясы буга чейин "Нур Отан" деп аталып, аны көп жыл бою Нурсултан Назарбаев жетектеп келген.
Сабиров буга чейин Башкы прокуратура менен биргеликте жалпы аянты 244 гектарга жеткен 59 жер тилкеси аныкталганын, кандайдыр бир себептер менен ага Болат Назарбаев ээлик кылып келгенин айтып берген.
"Биздин партиянын негизги миссиясы — жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен улуттук байлыкты мамлекетке кайтаруу. Иш ырааты менен улана берет. Адамдын белгилүүлүгү, буга чейинки эмгеги, капчыгынын калыңдыгы акыйкаттыкты орнотууга жолтоо боло албайт. Элден алып кеттиңерби? Кайтарып бергиле", — деди депутат.
Былтыр Болат Назарбаев көзөмөлдөгөн базардан бир катар мыйзам бузуулар аныкталса, Назарбаевдин карындашына таандык компания контрабанда менен алектенген деп шектелүүдө.
Муну менен бирге өткөн жылы Назарбаевдин жакын тууганы Кайрат Сатыбалдыулы ээлик кылган компаниялар "Казахтелекомдун" акциясынын 28 пайызын мамлекетке өткөрүп бергени маалымдалган.
Токаев түзгөн фондго акча которгон Назарбаевдин жакындары. Тизме жана суммасы