Лавров: мен "Кыргыз вискиге" артыкчылык берем

Министрге импорт алмаштырган ичимдиктердин ичинен россиялык вискилерди ичип көргөн-көрбөгөнү боюнча суроо узатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сыртында "Кыргыз виски" деп жазылган бөтөлкөгө артыкчылык бере турганын билдирди. Ал "Россия 24" жана РИА Новости агенттигине интервью берген.
Министрге импортту алмаштырган ичимдиктердин ичинен россиялык вискилерди ичип көргөн-көрбөгөнү боюнча суроо узатылды.
Лавров ага белекке берилген россиялык "Прасковейское" вискисин ичип көрө электигин айтты.
"Жаңылбасам мага "Прасковейское" деген виски белекке беришкен. Бирок мен "Кыргыз виски" деп жазылган бөтөлкөгө артыкчылык берем", — деди ТИМ башчысы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыштын РФти коңшулар менен араздаштыруу кадамын Борбор Азия колдогон жок