БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Тоо-кен тармагындагы долбоорлорду өз учурунда экспертиза кылгандарга акы төлөө тартибин киргизүү сунушталып жатат. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча министрдин орун басары Алмаз Туманов билдирди.
Тоо-кен тармагындагылар документтерди кабыл алууда жана берүүдө иш кагаздарын жүргүзүү эрежеси бузулуп жатканын айтып, даттанышууда. Тагыраагы, даталар менен долбоордун каттоо номерлери көрсөтүлбөй келет. Ошондой эле корутунду чыгаруу 20 күнгө чейин созулуп кеткен учурлар бар.
"Жогоруда айтылган көйгөйлөр бар. Бирок мен жер казынасын пайдалануу боюнча багытты карайм. Мында маселелердин негизги бөлүгү экологиялык экспертизага тийиштүү", — деди Туманов.
Ал ошондой эле министрлик геология, өнөр жай коопсуздугу жана экология сыяктуу бир катар экспертизаларды карай турганын айтып, аларда мөөнөт мыйзам менен бекитилгенин кошумчалады.
"Азыркы тапта негизги көйгөй — кадрлардын токтобой жатышы. Экологиялык блокту караган бөлүмдө болгону үч адис иштейт. Ай сайын бизге өтө көп долбоорлор түшөт. Анын баарын карап чыгыш керек", — деди министрдин орун басары.
Ал белгилегендей, көпчүлүк учурда мыйзамдарга дал келбеген долбоорлор келип түшөт. Аларды кайра иштеп чыгуу үчүн артка жөнөтүлөт дагы, ошону менен убакыт созулуп кетет. Туманов жакшы кадрларды жеке сектор жогорку маяна менен өзүнө кызыктырып алып жатканын белгиледи. Бирок мамлекеттик сектордо дагы айлык көбөйгөндөн бери жаңы кызматкерлер ишке алынууда.
Анын айтымында, министрлик мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документ иштеп жатат. Анда геологиялык жана экологиялык багыттагы долбоорлорго экспертиза жүргүзүүгө акы төлөнөт.
"Кадрлар кетип калбаш үчүн бул сумманын эсебинен эксперттерге сый акы чыгарып беребиз. Ал эми жер казынасын пайдалануучу акча төлөгөнү үчүн документтердин убагында каралышын талап кыла алышат", — деди ал.